www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин жана ИИМдин Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө кызматы кызматкерлери тарабынан пара берүүгө шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, билдирме менен Свердлов РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кайрылган. Анда, белгисиз жарандын үстүнөн урдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп берүү максатында, П.Н., аттуу арыздануучу пара сунуштаган.
Пара сунуштоо фактысы менен 2026-жылдын 7-май күнү Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 345 -беренесине (Пара берүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
2026 жылдын 7-май күнү Свердлов РИИБдин жана ИИМдин Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, анын жүрүшүндө 1994-жылы туулган П.Н., аттуу Бишкек шаарынын Тергөө кызматынын бөлүмүнүн иш бөлмөсүндө акча берип жаткан жеринен кармалган.
Тергөө амалдары уланууда.