www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саламаттык сактоо тармагындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №2 медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине бөгөт койду.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында комиссиянын төрагасы «Ч.Т.И.» жана дарыгер-эксперт «Т.Э.М.» кармалды.
Тергөөнүн версиясына ылайык, алар жарандардын майыптык тобун аныктоо жана анын мөөнөтүн узартуу маселелерин чечүү үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын алып турушкан.
УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди мыйзам талаптарын так сактоого, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөгө жана мындай кылмыштар үчүн жоопкерчилик сөзсүз болорун эске алууга чакырды.