www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинде соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө, биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резерв институтун киргизүүгө жана жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоого арналган маалымат жыйын өттү.

Маалымат жыйынга Жогорку соттун судьясы, Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Жогорку соттун судьясы, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин төрагасы Айбек Молдакунов, Жогорку соттун судьясы, Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрайымы Турсунгул Чаргынова жана Ысык-Ата райондук сотунун судьясы Айгүл Уметова катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Судьялар кеңешинин, анын Бюджеттик жана Эксперттик-окуу комиссияларынын, ошондой эле Тартип комиссиясынын ишмердүүлүгү жана анын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Ошондой эле жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо механизми тааныштырылды.

Белгиленгендей, баалоо судьялардын ишинин сапатын, процесстик мөөнөттөрдү сактоосун, каралган иштердин көлөмүн жана мыйзамда каралган башка критерийлерди эске алуу менен жүргүзүлөт.

Анын жыйынтыгы кадрдык чечимдерди кабыл алууда, анын ичинде судьяларды ротациялоодо, сот төрагалары менен алардын орун басарларын дайындоодо жана квалификациялык класстарды ыйгарууда колдонулат.

Мындан тышкары, биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резерв институтун киргизүүнүн максаттары жана артыкчылыктары түшүндүрүлдү.

Маалыматка ылайык, жаңы механизм конкурстук тандоонун ачык-айкындуулугун жана объективдүүлүгүн күчөтүп, бош судьялык кызмат орундарын өз убагында толтурууга, ошондой эле сот тутумуна болгон коомдук ишенимди арттырууга багытталган.

Иш-чаранын катышуучулары жаңы институт сот системасынын кадрдык потенциалын чыңдоого, судьяларды тандоо процессинин ачыктыгын камсыздоого жана бош кызмат орундарын ыкчам толтурууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Последние новости