www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бейбаштык жана курал-жаракты, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген адам кармалды. Милициянын маалыматы боюнча, 21-июлда саат 01:16да милицияга Пишпек көчөсүндө куралчан адам жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Болжол менен саат түнкү бирлер чамасында 102 кызматына бул адам жаш жигиттерди курал менен коркутуп жаткандыгы тууралуу билдиришкен. Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, Пишпек менен Литвинов көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган 1985-жылы туулган Н.Н. аттуу жаранды кармашкан. Ал мас болчу. Күбөлөрдүн айтымында, Н.Н. үч жигит менен уруша кетип, алардын артынан кууп, асманга ок аткан», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле ал жерден төмөнкүлөр табылган:

— 7,62 мм калибрлүү 189 патрон;

— 9 мм калибрлүү 32 патрон («ПМ»);

— 5,6 мм калибрлүү 200 патрон;

— 12 калибрлүү 96 патрон.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) жана 267- беренеси (Курал-жаракты жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Последние новости