www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиев классташына үй салып берди

Бүгүн, 22-июлда Камчыбек Ташиев Сузак районунун Боз-Чычкан айылында жаңы салынган турак жайдын ачкычын жергиликтүү тургун Абдували Анапияевге тапшырды. Иш-чарага айыл жашоочулары да катышты.

Боз-Чычкан айылынын тургуну Абдували Анапияев 1 уул, 1 кыздын атасы. Ал көп жылдардан бери өз турак жайы жок, батирден батирге көчүп жашап келген. Муктаждыктан улам, классташ досу Камчыбек Ташиевге кайрылган.

«Камчыбек Кыдыршаевич досунун суранычын кабыл алып, өз каражатына үй куруп берүүнү чечкен. 33 күндүн ичинде заманбап шарттарга жооп берген, жаңы үй курулуп бүттү. Бул жакшылык Анапияевдин үй-бүлөсүнө чоң кубаныч тартуулап, турмушун жаңы нукка өзгөрттү»,- деп айтылат маалыматта.

Последние новости