www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте  мыйзамсыз курулуштар бузулду

Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, ошондой эле «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери мыйзамсыз объекттерди бузуу иштерин улантып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, П.Лумумба менен Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишиндеги кароосуз калган 40 тонналык контейнер алынып, Элебесов көчөсүндөгү «Той-Ордо» кафесинин тосмосу бузулду.

«Ошондой эле Чүй проспектиси, Шопоков, Токтогул жана Гоголь көчөлөрү мыйзамсыз курулуштардан тазаланды, жалпы 12 объект алынды. Табышалиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанындагы курулуш да бузулду, үй ээсинде тиешелүү документ жок болгон. Муниципалдык аймактын 35 чарчы метр жери бошотулду», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости