www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанды 2020-жылдын январь-июль айында ички дүң өндүрүмдүүлүк, 282 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын ушул учуруна караганда 6,1 пайызга төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети июль айындагы көрсөткүчтөргө таянып жазды.

Маалыматка ылайык, негизинен күйүүчү май өндүрүү (59 пайызга), кездеме, кийим-кече, бут кийим, булгары жана андан жасалган буюмдарды өндүрүү (20 пайызга), жыгач жана кагаз өндүрүү полиграфия (18,5 пайызга), резина, пластмасса жана темир эмес буюмдарды жасоо (16,5 пайызга), тамак-аш жана тамеки өндүрүү (5,3 пайызга) тармактары артка кетти.

 Баалуу металл казуунун көлөмү 4,2 пайызга кыскарганы айтылды.

Мындан тышкары, 2020-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү дагы азайды. Тагыраагы, 1 миллиард 54 миллион 800 миң сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 17,3 пайызга төмөндөдү.

Ал эми оң тенденциялар айыл чарбасында гана байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 1,8 пайызга өстү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости