www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпүрөдөн кулап түшкөндөн кийин жарылып кеткен май ташуучу унаанын айдоочусунун өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Ал 51 жашта, Чүй облусунун тургуну.

Бөлүмдүн алдын-ала маалыматы боюнча, күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусунун жүрөк оорусу кармаган.

Эске сала кетсек, жол кырсыгы кечээ, 12-августта болжол менен саат 7:00до Бишкек-Ош жолунун 209-чакырымында болгон.

“DAF” үлгүсүндөгү май ташуучу унаа Ошту көздөй бара жаткан. Ала-Бел ашуусунан түшүп бара жатып, Молдобай-Төр участогунда айдоочунун жүрөгү кармап калган – унаа көпүрөдөн чыгып, жарылып кеткен.

Айдоочунун туугандары анын мурун жүрөгү ооруп жүргөнүн айтышты. Тергөө иш-чаралары улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости