www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы коронавирус дем алуу жолдорун гана эмес, мээ менен борбордук нерв системасын да жабыркатат. Бул тууралуу педиатрлар союзунун президенти Лейла Намазова-Баранова айтып бергенин РИА Новости жазды.

"Жадагалса COVID менен жеңил түрдө ооруган кишинин да мээсинин түзүлүшүндө өзгөрүү болот. Буга адамдын жыт менен даамдын сезбей калышы айкын мисал. Демек, борбордук нерв системасына доо кеткен болот", — деген дарыгер.

Дарыгердин айтымында, мындай өзгөрүүгө вирус кандайча шыкакчы болорун так айтуу кыйын. Ошондой эле адамдын каны өтө коюуланып, кычкылтек жетпей калган маалда мээге катуу күч келип, ишемиялык же геморрагиялык инсульт болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Макалада айтылгандай, буга чейин неврология жаатындагы АКШлык окумуштуулар анализ жүргүзүшкөн. Натыйжада катышуучулардын жарымында неврологиялык симптомдор болгон. Тагыраагы, башы ооруп, айланып, эске тутуусу начарлап, оюн топтой албай, калтырак басып, жыт-даам сезбей калышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости