www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тыюу салынганы менен тойлор токтогон жок

Бишкекте массалык иш-чараларга, үй-бүлөлүк майрамдарга тыюу салынганына карабастан, тойлор өтүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Ленин райондук санитардык патрулдук инспекторлору коопсуздук эрежелерин бузгандарды кармашкан. Гагарин көчөсүндө “Алтынай” ресторанында той өттү. Мекеменин администрациясы Кыргыз Республикасынын Кодексинин 293-беренеси боюнча “Ыйгарым укуктуу органдын чечимин, буйругунун, талабынын аткарылышынын тартибин бузгандыгы” үчүн айыпка тартылды.

Мындан тышкары “Сары-Өзөн”, Guzel Grand Hall ресторандарынын администрациясына “куран окутуу” жана “Сары Челек” ресторанына “Кыз узатуу” өткөргөндүгү үчүн протоколдор түзүлдү.

Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде санитардык эрежелерди бузгандар көп. “Бир Эки”, “Лагман”, “Фрешбокс” тез тамак-аш соода түйүндөрүнө карата протоколдор түзүлдү. Бардык эреже бузгандар протоколдор менен макул болуп, айып пул салынды.

Санитардык рейддер улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости