www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте оорукана башчылыгын "таластыктардан талашпагыла", деп олимпиада чемпиону Канатбек Бегилиев айткандан кийин бул сөз калк арасында трендге айланды. Айтайын дегенибиз, Кыргызстандын борбор шаары Бишкектеги медицина мекемелери арасында директорлордун жерлиги боюнча да таластыктардан талашпай эле койсо болчудай. Бизге келген маалыматка караганда төмөнкү Талас облусунун кулундары медициналык мекемелерди жетектеп келет: 1. Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Джумабеков Сабырбек Артисбекович;
2. № 3 шаардык балдардын тез жардам клиникалык ооруканасынын директору Өмүрбеков Таланбек Ороскулович;
3. Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун директору Узакбаев Камчыбек Аскарбекович;
4. Республикалык урология илимий борборунун директору Усупбаев Акылбек Чолпонкулович;
5. Чүй областык бириккен ооруканасынын директору Болотбеков Бакыт Абдылдаевич;
Бул жерде Сабырбек мырзага толугу менен макулдук берели, бирок жерлигине макул дейли, бирок бул жетекчилер кеминде 10 жылдан ашуун ошол кызматта отурат. Башкарган ооруканаларында ахыбал мышык ыйлай турган деңгээлге жеткен. Материалдык, техникалык базасы эски Советтер Союзунан калган бойдон. Эң жөнөкөй аймагын көрктөндүрүү, жашылдандырууга чамасы жетпеген бул жетекчилерди кармап отуруунун кереги барбы? Баары бюрократтар, жумушка айлап чыкпагандары да бар.
Профессионалдык деңгээлин, регионалдык балансты эске алып, мекеменин кызматкерлерин башка жети облусунтан да алса жакшы болмок. Бирок бул медициналык мекемелерде андай талап байкалбайт. Алды академик, арты профессор болгон байкуштар трайбализм оорусунан айыга элек го дейсиң...
Саламаттыкты сактоо министрлиги бул жаатта мекеме жетекчилерин 5 жылдан ашуун башкарбоо туралуу нормативдик укуктук база иштеп чыгуусу мезгилдин талабы.
Булак: NazarNews.kg