www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекетте жогорку бийликтеги лөктөрдүн коррупциялык иштеринин жүзү биринин артынан бири ачылып жатат. Бул, арийне, өлкөнүн өнүгүшүндөгү алдыга жылганк адамдардын бири. Анткени менен, кечээ 11-апрелде Тогуз-Тородо кутумчулардын уюштуруусу менен 500дөн ашуун адам чогулуп, жаңыдан курулуп жаткан алтын ылгоочу комбинатын басып алып, комбинаттын имараттын, техникаларын өрттөп, ал жердеги Бишкектен барган комиссияга кол салып, комиссияны коргогон милиция органынын алты кызматкери таш баранга алынып, оор жаракат алышты.
Ал эми Тогуз-Торонун УКМК жетекчиси дагы тепкиленип, женил жаракат менен чектелсе, РИИБнин мүдүрүнүн колу сынып олтурат. Буга чейин укук коргоочулар Тогуз-Торолуктардын нааразычылыктары жөнүндө бир далай макалаларды жазып, бийликтегилерге кулак кагыш кылганбыз. Нааразычылыктын башында өкмөттүн көшөгөсүнүн артындагы үлкөн аткаминер турат, анын ишараты менен мыйзамсыздыкка жол берилип, карапайым элдин колу менен арам-амалдуу иштер жасалып келүүдө.
Ушуга карабастан «Кыргызалтын» ААК, «Макмалалтын» жана Тогуз-Торонун мурдагы акими Т.Идирисовдун иш-аракеттерине буга чейин юридикалык баа берилбей келди. Эки күн мурда бүгүн кызматынан алынган аким Идирисов райондун айыл өкмөт башчыларын чакырып, жыйын өткөрүп, жаңы курулуп баштаган комбинатка карама-каршы иш жүргүзүүгө чакырык кылганын жергиликтүүлөр жаап-жашырбай эле айтышууда.
Карапайым элди колдонуп, «Макмалалтындын» уурулары аркылуу арзыбаган акча, ал тургай ичкилик берип, жаштарды дүрбөтүп, 7-февралда алтын комбинатына кол салдырып, терезелерин талкалап, миллион сомго материалдык зыян келтирилгени, жумушчулардын азык-түлүгүн уурдап кетишкендиги жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына биз үч курдай макала жарыялап, мыйзам бузуу боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүгө тиешелүү органдарды чакырдык.
Тилекке каршы, орустар: “безнаказанность порождает преступление” деп айткандай, бир нече жолку мыйзам бузуу аракеттери жазасыз калып, кайрадан тартипсиздикти жаратты. Кечээ күнү алтын ылгоочу комбинатка кол салгандардын катарына кутумчу-чагымчылардын күүсү менен окуянын чоо-жайынан кабары жок карапайым адамдар дагы кирип кеткени ушундан улам. Башаламандыкты уюштургандардын ичинде кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бар экендиги дагы айтылып жатат.
Албетте, Тогуз-Тородогу алтын комбинатынын айланасындагы мыйзамсыз аракеттер боюнча өкмөт алдын ала чара көрүп, чуулгандын чоо-жайын аныктап, тиешелүү деңгээлде териштирүү иштерин жүргүзбөгөнүнө эмне себеп болду деген суроо туулат.
Анткени, мындан мурдагы окуяда райондук милиция тарабынан 30дай адамга кылмыш иши козголгондон башка чаралар көрүлгөн эмес. Себеби, райондук милиция ишти тергөөгө албай, Жалалабад областтык ички иштер башкармалыгына тергөөгө өткөрүп берген.
“Иттин өлүгү мына ушул жерде жаткан” өңдүү. Областтык милиция органы тез арада оперативдик иликтөө иштерин жүргүзбөй, кайдыгерлик менен убакытты чоюп, “тоодогу кар эрип, жол ачылганда барабыз” деп койгону эмнени билгизет? Же, жок шылтоо таап олчойгон акчаны сугунуп, какап калганбы? Кылмыштын бетин атайылап ачпоонун өзү кылмыш болуп саналат, ошентип, милиция кызматкерлеринин өз ишине шалаакы мамилеси эки тараптын кагылышуусуна алып келип олтурат же болбосо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү өкмөт башчысынын аны кызматтан алышын күтүп жатабы? «Кыргызалтын» ААК жетекчилиги түзүлгөн кырдаал боюнча бир дагы жолу суракка алынган жок, мындай жагдайда кызматтык териштирүү жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, ыкчам аракеттер көрүлүшү керек эле.
Биз буга чейин Тогуз-Тородогу нааразычылыктын башында А.Алимбеков, «Алтын кен» биргелешкен ишканасы, «Макмалалтын» “уурулары”, аким Идирисов тураарын айтып келгенбиз. ИИМ, КИМБ ыкчам иликтөө кызматкерлери тергөө учурунда нааразычылык уюштургандарды тактаган. Бирок, акчалуу байбачалар Ак үйдөгү колдоочулардын арты менен тергөөнү ачыкка чыгартпай, көмүскөдө көп былык иштерге жол берип келишкен.
Эгерде тергөө ошо замат оперативдүү жүрүп, иш аягына чыгарылса, Ак үйдөгү коррупция жыттанган бир далай чиновниктин жүзү ачылып, экономиканы буттан тартып, инвесторлорго тап бергендердин чүмбөтү сыйрылмак.
Кечээ Казарманда чуу болуп жатса, “Кыргызалтын” башкармалыгы, асыресе, Нурдин аксакал шашылыш түрдө башка инвесторду ээрчитип “Макмал” карьерине чыгып кеткенин кандай түшүнсө болот?
Балким, ошол жаны келген инвестордун тапшырыгы менен баш аламандык уюштурулуп жүрбөсүн. Алымбеков: “Биз инвестор издеп жатабыз” деп жарыя кылып жатканын үзбөй айтып келет, анткени менен ошол эле убакта иштеп жаткан инвесторго бут тосуп, анын ишмердүүлүгүн көрмөксөнгө салып жатат. Ушундан улам «Джи Эл Макмал девелопинг» компаниясы “Кыргызалтын” үмүт кылган “долларларды” бөлүшпөй койгонбу деген суроо кылт этет.
КРнын Өкмөтүнүн алдындагы жер казынасы секторунун башчысы Укубаев Элмырза Аманбекович өнөр жай, энергетика жана тоо кен боюнча КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмүнүн башчысы «Джи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын мамлекеттик геологияга берилген проектилерин тиешеси жок болсо дагы бир жарым ай катып жатып алган, мындай кара ниеттик кадам эмнени билгизет?
Укук коргоочулардын ар бир макаласына премьер-министр Сапар Исаков реакция берсе, бул иш эбак чечилмек. Мамлекетке инвестиция издеп, башка мамлекетке барарда “пиар” кылышып, долбоорлорду көтөрүп чаап, иштеп жаткан сыяктуу имитация кылгандары курусун. Дегеле, Кыргызстанга инвестиция келсе дагы жөн койбой пара алып жүдөтүп, болбосо атайын карапайым элдин колу менен ушундай провокациялык акцияларды уюштуруп келгени адаттагы көрүнүшкө айланды, анан кантип инвесторлор иренжибейт. Өкмөттүн шалаакылыгынан ушундай жыйынтык болуп жатат. Эми эки автобус менен милиция кызматкерлери Тогуз-Торого оперативтик иликтөө үчүн жөнөтүлдү, КАНДАЙ ЧЕЧИМ ЧЫГАТ, КҮТӨ ТУРАЛЫ...
Укук коргоочу Качкынбек Булатов
Булак: NazarNews/kg