www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев менимче келесоо эмес, бирок Кремлдеги кожоюндарынын айткандарын кыңк этпестен аткара берип элдин каргышына калып отурат. Анын азыркы абалын терекке чыгып, бутакка отуруп, бутактын түбүнөн аралап салган апендиге окшоштурууга болот. Бул бир Кыргызстанга сайып койгон куурайга окшоп функциясын аткарды орустар үчүн. Кыргызстан үчүн пайда алып келчү бир да долбоорду ишке ашырган жок. Баары ойрон болду. Алынган гранты болобу, кредити болобу максатсыз пайдаланылып, желип жок болду. Албетте эми аны артка кайрып алуу деген бул утопия. Бирок карыз Кыргызстандын моюнунда турат да баары бир. Мындай ишти бир гана душман кылат. Эгерде кан тамырында кыргыздын каны жүгүргөн киши болсо бул ишке бармак турсун өзүн өзү чекеге атып өлмөк. Уюшкан кылмыштуу топко окшоп бийликтин бардык тармагына өзүнө кыңк эттирбей тууган, тааныш, досторун коюп алып, Кыргызстанды акыркы тыйыны калгыча саап, тоношту. Аз келгенсип көз арткан башка мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн пайдасыз уюмдарга кирип берди. Кудай билет дагы канча жөнөкөй жарандар уга элек, билбей калган кандай шумдуктуу иштерди жасап, биз үчүн пайдасыз шарттагы келишимдерге кол койду. Эч кандай күнөөсүз эле, мамлекеттеги болуп жаткан туура эмес иштер тууралуу ооз ачкан кишилерди жок кылмышты жамап, фальсификацияга барып каматып салып жатты. Эми ошол кылган кылыктары үчүн аны баатыр наамын берип, командасын жөн гана кызматтан бошотуп коюу бул өтө жумшактык. Биздин алдыбызда кыйын күндөр турат. Экономикалык кыйынчылыктар: бюджет дефицити, тышкы карыз, миграция ж.б.д.у.с. Коррупциялык жол менен тапкан акчаларын мамлекетке кайтарып алуу керек алардын. Чет элдик кредиттерди кандай алып жешсе , кудум ошондой кылып төлөтүш керек. Качанкыга чейин булар тайраңдашат.
Президентибиз коррупциян менен күрөштү баштады, аны саясий куугунтук жегендерден баштаса эң жакшы болмок. Сап башында Текебаев жана Жапаров турган элдер ишеним артып калган кишилерди актап чыгарса, көп түкүрсө көл дегендей бул иш аягына ийгиликтүү чыкмак. Президентибизди элибиз колдоп турганда , ушу элдин шары менен коррупциянын тамырын кыркып салууга убакыт жетти .
Шамил Жалилов