www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 12-февралда, кечинде Бишкекте Жибек-Жолу жана Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан май алмаштыруучу жайдан жана жанаша жайгашкан турак үйлөрдөн өрт чыккан.

Маалыматка ылайык, өрттүн себептери учурда такталууда.

Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын басма сөз кызматы “Кампанын кожоюну үйүнөн күйүүчү майды мыйзамсыз сатып жүргөндүгү аныкталды. Мыйзамга ылайык, күйүүчү майлар турак жайлардан жана коомдук жайлардан алыс жайгашып, аларды сактоо да атайын имараттарда жүргүзүлүшү керек”, - деп билдирди.

Ошондой эле учурда укук-коргоо органдары мыйзамсыз күйүүчү май сатуу фактыларын текшерүүнү баштаган. Андан тышкары, атайын комиссия түзүлгөн.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө саат 20:41де жалпы 7 бөлүм, штаб жана ыкчам топ, саат 21:20да өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Кийинчерээк ӨКМден жалпы 10 бөлүм болду.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости