www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыяланганы шаардын аймагына посттор коюлуп, аскердик техникалар үзгүлтүсүз келип жатат. “Азаттыктын” кабарчыларынын маалыматына караганда, алардын бири борбор калаанын түндүк-чыгыш четиндеги “Тунгуч” кичи районунда. Автожолдун боюна чатыр тигилип, жанына БМП (аскердик жөө машина) коюлганын, аскер кийимчен жана куралчан кызматкерлер жүргөнүн көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, 9-октябрда КР президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Бишкек шаарынын аймагына Өзгөчө абал режими киргизилген. Жарлыкка ылайык, саат 20:00-8:00 аралыгына чейин коменданттык саат болуп, мындай режим 21-октябрга чейин созулат. Кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат. Шаарда атайын комендантура түзүлүп, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев комендант болуп дайындалган.

Последние новости