www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте президент жана УКМКнын башчысынын абройуна шек келтирип, сөгүнгөн жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин соцтармактарга белгисиз жарандын Өкмөт үйүнүн алдында президент жана УКМКнын башчысынын аброюна шек келтирип, сөгүнгөн сөздөрү тартылган видео тараган.
Аталган факт милицияда каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Милиция кызматкерлери 25-сентябрда шектүү катары 42 жаштагы О.Ж. аттуу жаранды кармап, ал тергөө кызматына жеткирилген. Ага карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, ал 24 саатка убактылуу камакка алынган. Ошондой эле анын иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн Биринчи май райондук сотуна жеткирилери кабарланды.
Милиция коомдук жайда сөгүнүп, башка адамдын аброюну шек келтиргендерге мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эскертет.
Булак: NazarNews.kg