www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сегиз эксперти Тажикстанда соттолгон журналисттер менен жарандык активисттердин тагдырына тынчсыздануусун билдирип өткөн жумада тажик бийлигине жөнөткөн катына жооп күтүүдө.
20 беттен турган катта БУУнун эксперттери менен атайын баяндамачылары Душанбеден соттолгон журналисттердин, блогерлердин жана жарандык активисттердин укуктарынын одоно бузулушу боюнча түшүндүрмө талап кылышкан.
БУУнун эксперттери быйыл май айында да Душанбеге кайрылып, журналист жана блогерлер Далери Имомалинин, Абдулло Гурбатинин, Завкибек Сайдамининин, Абдусаттор Пирмухаммадзоданын, Хушруз Жумаевдин, ошондой эле укук коргоочулар Абдулмажид Ризоевдин, Манучехр Холикназаровдун, Фармуз Иргашевдин жана Ульфатхоним Мамадшоеванын камакка алынышы жана түзөтүү жайларындагы кармоо шарттары, алардын кыйноого алынганы жөнүндө кеңири маалыматтарды берген. Анда соттолуучулардын баары экстремизм жана тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу боюнча ойдон чыгарылган айыптар менен камалганы белгиленген.
Булардын баары өткөн жылы узак мөөнөттөргө – жети жылдан өмүрүнүн аягына чейин эрктеринен ажыратылган. Соттолуучулардын тарапташтары жана эл аралык укук коргоо уюмдары алар саясий негиздер менен соттолгонун билдирип келишет.
Акыркы жылдары Тажикстандын өкмөтү өлкөдө адам укуктарынын такай бузулуп жатканына байланыштуу БУУнун, Батыш өлкөлөрүнүн жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын сынына кабылууда.
Булак: NazarNews.kg