www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандагы ири базарларда, сейил бактарда жана чоң көчөлөрдө адамдарды жүзүнөн тааный турган камералар орнотулат. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук гвардиясынын башчысы Рустам Жураев билдирди.

"Кошумча видеобайкоо камералары Бирдиктүү мониторинг борбору менен интеграцияланат. Максаты – коомдук тартипти сактоонун, өрттүн жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуунун натыйжалуулугун арттыруу", – деди Жураев.

Ал жеке адамдар тарабынан имараттар менен үйлөрдүн кире бериштерине орнотулган видеокамералардын маалыматтарын ички иштер органдарынын аймактардагы Кырдаалдык борборлоруна берип турууга багытталган Е-Hamkor программасы ишке ашырылып жатканын кошумчалады.

"Кичи райондордогу жеке менчикке жана коомдук тартипке каршы кылмыштарды жасоо ыктымалдыгы жогору болгон объектилерге туруктуу байкоо жүргүзүлөт", – деди Жураев.

Ички иштер министрлиги 2-июндан тартып Кыргызстандын аймагында КМШга кирген мамлекет аралык издөө салынган адамдарды видео көзөмөлдөн жүзүнөн таанып, аныктоо системасы иштей баштаганын маалымдаган. 

Былтыр кыргыз бийлиги “Коопсуз шаар” программасынын алкагында коомдук жерлерде жалпысынан 2177 видеокамера орнотулганын, алардын арасынан адамды жүзүнөн аныктай ала турган 519 камераны ИИМдин ыкчам башкаруу борборунда реалдуу режимде көрүп турушарын жарыялаган. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости