www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-сентябрдын кечине карата жикчил Тоолуу Карабактан Арменияга жер которгон адамдардын саны 6 650гө жетти. Бул тууралуу армян бийлиги билдирди.

Маалыматка караганда, алардын 5 600гө жакынына баш калкалоочу жерлер бөлүштүрүлүп, калгандардын муктаждыктары такталып жатат. Жергиликтүү басылмалар бозгундардын саны өсүп жатканын жазууда.

Дүйшөмбү күнү Азербайжандын Нахичеван автоном республикасында азери президенти Илхам Алиев Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугуп, Карабактагы армяндардын коопсуздугу сакталарын билдирген. Анын алдында жикчил топтун лидерлери Карабактагы армяндар коопсуздугунан чоочулап жер которуп кетип жатканын айтышкан.

19-сентябрда Азербайжандын бийлиги "конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү" деген максатта Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" жарыялаган.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак бийлиги 20-сентябрда түштө ок атууну токтотконун жана азери тараптын бардык талаптарын аткарууга макул экенин билдирген.

Ал арада Ереванда оппозициянын нааразылык акциялары уланып, полицияга баш ийбеген ондогон демонстранттар кармалганын "Азаттыктын" армян кызматы кабарлады. Тоолуу Карабак Азербайжандын көзөмөлүнө өткөндөн бери оппозиция премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган митингдерди уюштурууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости