www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев ага операция жасаган түрк профессору Ибрагим Алиосманоглуга эмне себептен Ардак грамота берүү сунушун киргизгенин жазып чыкты.
“Профессор Ибрагим Алиосманоглу, "Medical park" Анталья, Турция.
Ушул инсан 26 август куну мага операция жасады, оруудан жарабай калган боорумду алып таштап, донордук боорду тиктирди. Эки ай өттү, аман-эсенмин. Экинчи туулган күнүм десем адашпаймын.
Чын айтканда, аябай кымбат экен, анча мынча мүлктөрүбүздү сатганга мажбур болдук. Ошондой эле тууган-уруктарыма, кудаларыма, досторума, тааныштарыма терең ыраазычылык билдиремин - колдон келген жардам көрсөтүштү.
Үч айдан бери Анталья шаарындагы аталган больницага каттап, бир топ кыргыздарга жолуктум. Кичинекей наристелердин боор, бөйрөк алмаштырганды көрдүм. Жан кирип, кайра бала чуркап кеткенди көрсөң, жүрөк чыдабай кетет. Кудай сактасын, оорубасын балдарыбыз...
Ушул ооруканада жалаң байлар жасайт операцияны деген сөз туура эмес. Адамдар карызга кирип кетип, мүлкүн сатып, тааныш туугандарынын жардамды менен келишет. Борукерлик уюмдар бар экен, алар да каражат жыйнап жардам беришет операцияга муктаж болгон жарандарга.
Профессор Ибрагим Алиосманоглу ушул больницада 1 минден ашык операция жасаптыр. Акыркы эки жылда эле 50дөн ашык Кыргызстандын жарандарына боор жана бөйрөк алмаштырыптыр. Алардын арасында мен да бармын.
Биздин өлкөдө эми башталды ушундай трансплантация иштери. Биринчи операциялар өтүптүр. Тездетсек жакшы болмок.
Мен парламенттин жетекчилигине сунуштама бердим, - 50дөн ашык кыргызстандыктарын өмүрүн сактап, ийгиликтуу жардам көрсөткөн үчүн профессор Ибрагим Османоглу Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлансын. Бүгүн комитет карап, макулдук бериптир. Рахмат кесиптештериме. Өзүмө эч нерсе сураган жокмун, сурана турган ой да жок. Эн чоң сыйлык - элим мени БЕШ(!) жолу Жогорку Кеңештин депутатыгына шайлаганы.
Мындан ашык дагы эмне керек?”, -дейт эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg