www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-февралда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында Николай Гоголдун повестинин негизинде «Рождество алдындагы түн» балетинин бет ачары болот.

Балет Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өтөт, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Балет спектаклдын максаты - кыргыз балетинин мурунку даңкын жандандыруу - жаш таланттарды колдоо аянтчасын түзүү, жаштардын маданий өнүгүүсүнө жол ачуу жана Бишкек Хореографиялык мектебинин кыргыздардын устасы катары коомдогу имиджин калыптандыруу болуп саналат.

Спектаклга Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын окуучулары жана студенттери катышат.

Спектаклды А.Я. Ваганова атындагы Орус балет академиясынын бүтүрүүчүсү Алия Аджибаева койгон. Ал буга чейин Бишкек шаарындагы Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайын аяктаган.

Учурда БХУнун студенттери Опера жана балет театрынын сахнасында кесипкөй артисттер менен ири спектаклдерге катышып, алар менен биргеликте концерт берип келишет. Ал эми бул спектаклдын бардык ролдорун Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын студенттери гана аткарып жаткан экинчи спектакль болуп саналат.

Балетте орус композиторлору А.К. Глазунов, М.И.Глинка, М.П. Мусорский, Н. А. Римский-Корсаков жана Р.К Шедриндин музыкалары колдонулат.

Ч.Базарбаев атындагы БХУнун директору - Кыргыз Республикасынын маданияттын мыкты кызматкери Жамиля Туляева, ал эми, көркөм жетекчиси Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти А.Т. Ахмадалиева.

Белгилей кетсек, келечекте спектаклды Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайына репертуарына киргизүү пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости