www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын борбору Нур-Султанда көп балалуу энелер бийликтеги “Нур-Отан” партиясынын кеңсесинин алдына акцияга чыгышты. 70ке жакын акция катышуучусу балдарга жөлөкпулду көбөйтүүнү жана көйгөйлөрдү ачык айтып чыккандарга куугунтукту токтотууну талап кылышты.

Алар Жамбылда бир үй-бүлөнүн беш баласынын өмүрүн алган окуяны эске салышып, бийлик көйгөйлөргө көңүл бурбай жатканын билдиришти.

“Нур Отандын” өкүлдөрү акцияга чыккандарды кеңсе ичинде сүйлөшүүгө чакырды. Бирок бул жолугушууга журналисттер киргизилбегендиктен энелер бул сунуштан баш тартышты. Ушул эле күнү дал ушундай талап менен Алматы шаарында онго жакын аял акцияга чыкты.

Казакстанда соңку жылдары көп балалуу энелер акция өткөрүп келет. Буга 2019-жылы феврал айында Нур-Султанда өрттөн бир тууган беш кыз күйүп кеткен соң башталган эле. Жетишпеген турмушта жашаган кыздардын ата-энеси кырсык учурунда жумушта болгон. Бул окуя казак коомунда нааразылыктарды жаратып, мамлекеттин камкордугун күчөтүүнү талап кылып келишет.

Быйыл 19-февралда Жамбыл облусунун Сарысу районунда беш кабаттуу үйдө өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн беш баласы чарчап калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости