www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери россиялык "Спутник V" вакцинасы менен эмделишти. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүк маалымдады.

Билдирүүгө караганда, дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бекер вакцина берүү сунушу Россия тараптан түшкөн.

"Кээ бир кызматкерлер эмдөөдөн өтүштү. Учурда алардын абалы канааттандырарлык деп бааланып жатат. Элчилик кызматкерлердин тезирээк калыбына келиши үчүн бардык шарттарды түзүп берди", — дешти дипөкүлчүлүктөн.

Вакцинаны иштеп чыккандардын расмий аккаунтунда өлкө аймагындагы дипломаттарга эмдөө программасына катышуу чакыруусу жиберилгени жазылган.

Жалпы жонунан 12 мамлекеттин элчиликтеринин кызматкерлери эмделген. Алар: Афганистан, Аргентина, Беларусь, Чили, Индия, Италия, Кыргызстан, Мексика, Молдова, Монголия, Сербия жана Испания. Башка элчиликтер да кызыкдар болуп жатканы айтылды.

​Учурда коронавирус илдетине каршы Россиянын Гамалея илимий борбору иштеп чыккан "Спутник V" вакцинасын алууга болот. Бул препарат дүйнөдө биринчилерден болуп каттоого алынган COVID-19га каршы вакцина болуп саналат.

Октябрь айында Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги дагы бир вакцина — "ЭпиВакКоронаны" каттоого алган. Ал Новосибирскидеги "Вектор" борбору тарабынан иштелип чыккан.

Жакында эле Россияда COVID-19га каршы "КовиВак" аталышындагы үчүнчү вакцина каттоодон өттү.

Буга чейин Кыргызстандын бийлиги "Спутник V" вакцинасын алууга кызыкдарлыгын билдирген. КРдин тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" менен "ЭпиВакКоронаны" сертификациядан өткөрүү боюнча иштерди аткарып жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости