www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте сегиз айлык наристе коронавирус жуктуруп алды

Бишкекте сегиз айлык наристе коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада бүгүнкү күнгө карата 48 учур катталып, 14 адам ооруканага жаткырылган.

«Коронавирус жуктуруп алгандардын арасында сегиз айлык бала катталган. Оорунун белгилери байкалгандан кийин баланы текшерүүдөн өткөрүштү. Абалы канааттандырарлык, ал үйүндө дарыланып жатат», - деди ал.

Айнагүл Рыскулбекова бардык уюмдарда санитардык-эпидемиологиялык режим күчөтүлгөнүн эске салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости