www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суваналиевке окшогондор менен Зеленский, Навальныйлар даңазалап жаткан АКШ Кыргызстанга түкүрүп да койбойт. Бирок, ШОС менен дос мамиледе турган Борбор Азияны бекем мыкчымдан чыгарбаш керек. Бул үчүн жанталашкандардын башында АКШ президенти Жо Байден менен, НАТОнун Башкы катчысы Йенс Столнберг турат. Ошондуктан, АКШ менен НАТО Кыргызстанда дайыма башаламандык болуп туруусуна кызыкдар. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда чек ара боюнча бир топ чатактар болду, ошол жаңжалдардын алдында АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин тиешелүү кызматкерлери Баткен облусуна барышкан. Ошондон соң учкун тутанып отко айланып, бир нече жаңжалдар чыгып кетти. Өмүрбек Суваналиевдин Баткен облусуна жетекчи болушу да АКШ мамлекетинин кызыкчылыгы. Анткени, Баткенде АКШ Кыргызстанга атом бомбасын ыргыт десе «ляппай» деп аткара турган Өмүрбек Суваналиев сыяктуу өз кишилери керек.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда АКШ түртүп турган Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук Кеңешин өзүм билем болуп турган. Коопсуздук Кеңешине да Батыштын өз кишилери керек эле. Негизи Коопсуздук Кеңешиин башкы максаты Кыргызстандын коопсуздугу эле. Демек, «Карышкырга кой кайтарганыбызды» кийин түшүндүк. Анткени, октябрда болгон башаламандыктын башында Өмүрбек Суваналиев турганы белгилүү болду. Ал Кошмо Штаттардын көрсөтмөсү менен Раим Матраимовго окшогон кыргыз жигиттерин көөлөп, «Азаттык» менен биригип «Магнитскийдин тизмесине» кийирүү үчүн далалат кылган. Ошондуктан, Баткенге жетекчилик кылган соң да «Азаттыкка» маек берип, дале чоң кызматкердин түз позициясын кармабай келатат. Анткени, мамлекеттик жетекчилер бир жак позицияны колдогон туура эмес. Эгер ШКУ мамлекеттери менен Суваналиевдин тилин алып мамилелерди үзүп койсок, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттер менен экономикалык кырдаал өзгөрсө АКШ  бизге асмандан «парашют» менен жардам береби?

Кыргыз элин жалпы эле Борбор Азияны козгогонго Штаттар 4 млрд 200 млн. сом накта доллар жөнөтүшкөн. Башаламандыктын алдында  дипломатиялык почта Hillwood Airways америкалык авиакомпаниясынын чартердик рейси менен жалпы салмагы 880 килограммдык 26 мөөр басылып, абдан бекемделген ”упаковкада” АКШ элчилигине багытталып келген. Бул жүктү тосуп алыш үчүн Кыргызстандын АКШтагы элчилигинен 15 дипломат 5 автоунаа менен барышкан. Мындан көп ондогон тонна дипломатиялык жүк келсе да ордунан козголбогон Штаттан, бул дипжүктү жандап келгендер жүнүн жешет. Демек, бул жүк абдан баалуу экени белгилүү.

Бул жүктөрдү текшерүүгө кыргыз тараптын укугу жок. Жакшы байкагандар үчүн бул жүктө айтылбаган сыр бардай, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги накталай акча алганы жыттанып турат. Көрсө, чын эле Бишкектин “Манас” аэропортуна 4 млрд 200 млн сомдук 60 млн накта доллар келип түшүптүр.

Штаттын элчилигине мынча акчанын кереги эмне? Буга төмөнкүдөй максаттар себеп болуп жаткандай:

1. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда башаламандыкты уюштуруу, ошондуктан АКШнын башкы “бомба жардыруучу” Демократияны колдоо боюнча Улуттук фонду (NED) батышчыл жарандык коомдордун, формалдуу эмес жаштар уюмдарынын лидерлеринин жана өлүп-талып, апыртып-жабыртып Батышты жактап-мактаган маалыматчылардын, ушуларга көмөк көрсөткөндөрдүн гранттарын көбөйтүшкөн.

2. Бардыгына белгилүү болгондой ушул жалакор адамдардын акча каражатын Кыргызстандык өкмөттүк эмес уюмдар (НПО) бөлүштүргөн. Мунун арасында Өмүрбек Суваналиев сыяктуу бийликтин ашын чайнап, каалаган күнү кол шилтеп кете бере тургандар, ЦРУнун тили менен айтканда саясий ыдык көргөн топтор бар. Мындай НПОлордун саны он. Ушулар акыркы убакта 786 млн 332 миң сом грант алышкан.

3. Бул акча каражаттары Кыргызстандагы Москва менен мамиле түзүп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге каршы пайдаланган. Бишкектин ЖККУ, ЕАЭБ, ШОС сыяктуу эл аралык уюмдарга жакшы сөздөрдү айткандар тамыр түбүнөн жулунуп, аларга тескери сын айтууга бул акчалар жумшалган.

4. Кыргызстанга чек аралаш Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон мамилесин татаалдантыш керек эле, ушундан улам чек арада ортого “от ташталып” чек арада чатактар байма-бай чыгып турду. Бул аймактарда чыр болор алдында АКШ элчилигинин кызматкерлери бекер жерден барган жок.

5. Чыр чыгып жаткан аймактарга Өмүрбек Суваналиев сыяктуу батышчыл, АКШнын айтканын эки кылбаган адамдарды бийлик башына коюш керек болгон.

6. Кыргызстанда көнүмүш болуп калган улуттук үй-бүлөлүк туруктуулукту түп тамырынан жок кылып АКШнын Улуттук демократиялык институту (НДИ) жана ЮСАИД өкүлдөрү Гендердик теңчилик шылтоосу менен күйүп бараткан отко май тамызып туруу керек болгон. Бул үчүн феминисттер, гейлерге байланыштуу  ар кандай митингдер өтүп келе жатат.

7. Кыргызстандын коопсуздук органдарында Штаттын оюу боюнча реформа жүрүп, алар парламентке баш ийип турушу керек. АКШ парламентке жана коопсуздук органдарына өз адамдарын кийирип коопсуздук органдарын көзөмөлгө алууга тийиш. Буга да «Өлбөс Кащей» Өмүрбек Суваналиев жарап берди.

8. АКШнын башкы максаты Батышчыл саясатчылардын башын бириктирип, бир муштумга айлантып аларды мамлекеттик кызматтарга коюш керек. Ошондуктан, Өмүрбек Суваналиев бекер жеринен Баткенди жетектеген жок. Өкмөттүк эмес уюмдардын шайлоолордо өз адамдарын депутат кылуу үчүн жан аябай иштөөсү зарыл.

9. Орусияны көздөй ишмердүүлүккө багыт алган мыйзамдарды, нормативдүү актыларды жокко чыгарган НПОлордун иш-аракети кубатталат.

Ушундай кызматтар үчүн акча каражаттарын Кыргызстанга жөнөтүп жатышат. Эмне үчүн банк аркылуу которушпай, накталай акчаларды жөнөтүп жатышат, мунун да чоң себептери бар:

1. Биринчи схема боюнча АКШнын Түндүк Каролина штатынын Чарлстон шаарында жайланышкан Казначылыктын расчёттук эсеби жана Таиланддун Бангкоктогу элчилигинен расчеттук эсеби боюнча акча каражаттары которулуп тура турган.

2. Экинчи схема боюнча Алматыдагы АКШнын элчилигинин Башкы консулдугу тарабынан накталай акча каражаттарын грант жегичтерге ашатып турган.

3. Биринчи схеманын же которуу жолу менен алган акчаларды алууну Кыргызстанда чыккан “Терроризмди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө” мыйзам татаалдаштырып салган. Себеби, 1 миллион сомдон көп которулган акчаларды финансылык чалгындоо текшерип турууга тийиш. Өздөрүнүн изин жашырыш үчүн америкалыктар акча берүү жаатын татаалдаштырып салышкан. Учурда акча каражаттары Штаттан түз келбейт. Алар Бенилюкска (Бельгия, Нидерланды, Люксембург) жана Грузиянын ар кандай фонддорунун филиалдарына которушат, алар Кыргызстандагы НПОлорго которушат.

4. Штаттар башкысы накталай акчага басым жасай башташкан.

(Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын айрым маалымат каражаттарына чыгарылган материалдар колдонулду).

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости