www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда зордуктоого шектелген жаран убактылуу кармоочу жайда асынып алды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 29-март күнү болжол менен саат 10:00 чамасында асынган. Ал 18 жашта болгон.

"Кызматкерлер асынган шектүүнүн моюнундагы жибин кесип, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Дарыгерлер келип, анын каза болгонун аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү башталган.

2002-жылы туулган айыпкер зордуктоо фактысы менен шектүү катары кармалган. Ал январь айында Бөкөнбаев айылында 1989-жылы туулган аялды зордуктоого шектелип жаткан. Анын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынган. Иш сотко өтүп, 25-мартта сот башталган. Анда шектүү сотко барган. Кийинки отурум 15-апрелге жылдырылгандан улам шектүү Тоң РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости