www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын качан аларын айтты.

Эскерте кетсек, Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасынын биринчи дозасын алгачкылардан болуп шаардагы №7 Үй-бүлөлүк бейтапканда Бейшеналиев жана анын орун басарлары алган.

Министрдин айтымында, коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын эмдөөдөн өткөндөн кийин 21-28 күндөн соң алыш керек.

“Эмдөөнүн улуттук долбоорун иштеп чыкканбыз. Эмделген жаран 3 күн катары менен дарыгердин байкоосунда болот. Вакцина алган жарандын абалы начарлап кетсе, биздин адистер ага даяр. Бүгүнкү күндө 130дан ашык адам вакцина алды, бирөөсүнүн да абалы начарлаган жок”, - дейт министр.

Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев өзүнүн абалы канааттандырарлык экендигин айтты.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова эмдөө кандай тартипте жүрөрүн айтып берген.

Кытай Кыргызстанга акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза SinoPfarm вакцинасын берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости