www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ач көздөнүп мамлекетти тоноп бүтүп, бирөөнүн аялын дагы тартып алышкан”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Мен билгенден айрым адамдар аксакал болуп калса дагы ушуга чейин бийлик, байлык деп чуркап жүрүшөт. Ким чоң болуп келсе уялбай кошаматтанып эле жүрүшөт. Айрымдары “депутат болобуз, кызмат керек” деп жулунуп жүрүшөт. “Бир кумалак бир карын майды чиритет” болуп улуу мундарды жаман көргөзүп бүтүштү. Алар менен бир жерге отургандан уялам. Ач көздөнүп мамлекетти тоноп бүтүп, керек болсо бирөөнүн аялын тартып алышкан. Ушунчалык уятсыз саясатчылар дагы бар. Биз азыр жаштарга, келген бийликке үлгү болуп, акыл айтып, кеңеш бере турган убагыбыз. Мен учурдан пайдаланып аксакалдарга кайрылат элем, биз убагында  иштедик, жаштардан бийлик, кызмат талашпай тынч отуралы. Алардын ортосуна от койбой, кайраштырбай, ынтымакка чакыралы. Биз жол көрсөтпөсөк болбойт. Ошондуктан жалпы улуу инсандар жаштарга үлгү бололу”, - дейт коомдук ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости