www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн суткада күндүзгү Бишкек шаарындагы стационарлар 2 миң 638 адамды кабыл алды, анын ичинен 1 миң 871 адам инфузиялык терапия, 756 адам медициналык кеңеш алып, 11 адам ооруканага жаткырылды. Мурдагы күнү 2 миң 905 адам кайрылган. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми, 23-июлдан 24-июлга караган түнү түнкү стационарларга 517 адам кайрылды. Жалпысынан 24-июлга карата күндүзгү стационарлар 65 миң 768 адамды кабыл алып, 341 адам ооруканага жаткырылды. 15-июлдан 24-июлга чейин түнкү стационарларга 5 миң 416 адам кайрылган, 18 адам ооруканага жаткырылды.

"Бактыга жараша, акыркы күндөрү стационарларда каза болгондор катталган жок. Дарыгерлер саламаттыкты сактоо министрлигинин COVID-19 дарылоо алгоритмине ылайык иштеп жатышат. Аталган алгоритм ар бир оорунун деңгээлине жараша өзүнчө каралат. Жеңил формада антибиотик жана тамчылатып дары куюу каралбайт. Дене табы 38-38,5 градустан жогору болгон учурда гана дарыгерлер таблетка түрүндөгү дене табын түшүргөн дарыларды, эң башкысы суюктук көп ичүү жана дем алуу көнүгүүлөрүн жазып беришет", - деп айтылат маалыматта.

Орто оор абалда, эгерде дене табы 5-7 күн бою жогору болуп турса, ооруган адамга антибиотик жазып берилет. Оорунун ар кандай формаларында стационарлардагы дарыгерлерге протоколдон тышкаркы, далилденбеген дары-дармектерди жазууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости