www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмокто мас айдоочу тигүү цехинин терезесине кирип кетти. Бул тууралуу журналисттерге Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 24-июлда эртең мененки саат 06:00до болгон. “Фольксваген Пассаттын" отуз алты жаштагы мас айдоочусу алгач тигүү цехинин тосмосун сүзүп өтүп, андан кийин имараттын терезесине кирип кетти. Тигүү цехи өзү жер төлөдө (подвал) жайгашкан. Укук бузуучу катталды. Машинаны унаа токтотуучу жайга алып барышты”, – деп билдиришти департаменттен.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости