www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта оң рулдуу машинелерди таксиге колдонууга тыюу салууну сунуштаган токтомго каршы элүүдөй айдоочу нааразычылык билдирп чыгышты. Акцияны уюштуруучулардын бири, активист Эртай Исаков такси кызматында жүргөндөрдүн көпчүлүгү оң рулдуу автоунаа экенин айтып, ага тыюу салуу менен айрым айдоочулар жумушсуз каларын билдирди.
Бул туурасында ал: “ИИМ оң рулдуу машинелерди такси кызматына тыюу салган токтомду коомдук талкууга чыгарды. Жол кырсыктарын алдын алуу, коопсуздукту сактоо үчүн оң рулдуу машинелерди ылдамдыкты чектеген аппарат орнотууну сунуштап жатышат. Бул аппарат бардык оң рулдуу таксилерге коюлушу керек экен. Бул таптакыр ишке ашпай турган нерсе”, - деп белгиледи.
Эске сала кетсек, 13-февралда Ички иштер министрлиги оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдаланууга тыюу салуу тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга койгон. Документке ылайык, оң рулдуу автоунаалар коммерциялык максатта жүргүнчү жана жүк ташый албайт. Демилгечилер чектөө жол кырсыктарынын алдын алуу максатында киргизилип жатканын белгилейт.
Ошондой эле токтомдо үч категориядагы автоунааларга ылдамдыкты чектөөчү жабдуу коюу каралган. Ага ылайык, автобустар, 8ден ашык орундугу бар автоунаалар, 3,5 тоннадан 12 тоннага чейин жүк ташууга ылайыкташкан жана 12 тоннадан ашык жүк ташуучу автоунааларга ылдамдыкты чектөөчү жабдуулар коюлат.
Өткөн жылы ИИМ такси кызматына лицензия берүү аркылуу оң рулдуу автоунаалардын жуүк, киши ташуусуна тыюу салууну сунуштаган. Бирок бул сунушту ишке ашыруу да кийинкиге калтырылган.
ИИМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 17 миңдей автоунаа жүргүнчү ташып иштейт. Анын тең жарымы оң рулдуу унаалар. Министрлик жол кырсыктарынын 60% оң рулдуу унаалардын айынан болорун белгилеп келет.
Булак: NazarNews.kg