www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте «Таза шайлоо үчүн» деген акция өткөрүү пландалууда

Бишкек шаарында бүгун, 1-сентябрь күнү “Таза шайлоо үчүн” деген аталышта тынчтык акциясын өткөрүү пландалууда. Аны “Баштан башта” кыймылы Жогорку соттун имаратынын алдында түштөн кийин өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу жазды.

Кыймылдын лидери Улан Үсөйүн билдиргендей, алар 4-октябрдагы парламенттик шайлоону таза уюштурууну бийликтен талап кылышат.

29-августта “Таза шайлоо үчүн” коалициясы түзүлүп, ага жарандык активисттер, коомдук уюмдар жана бир катар саясий партиялар кирген. Алар саясий өнөктүктө жарандык көзөмөлдүн зарылдыгын белгилешүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости