www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израиль жана БАЭ ортосундагы кызматташтыктар тууралуу жолугушууну жүзөгө ашыруу үчүн Израиль жана АКШлык өкүлдөрдөн турган комитетти ташыган Израилдик учак, Сауд Арабиянын аба мейкиндигин кесип өтүп, БАЭнин борбору Абу-Дабини көздөй сапар алган. Бул көрүнүш учурда дүйнө жүзүнүн көңүлүн буруп, көптөгөн чет элдик басылмаларда маалыматтар берилүүдө.

Сауд Арабиялык академик Саид ибн Насыр эль-Гамидинин Twitter социалдык түйүнүндө бөлүшкөн билдирүүсүнө ылайык, Израиль учагы өткөн Сауд Арабиянын аба мейкиндиги Катар аба жолуна дагы деле жабык болчу.

Египеттеги Мусулман бир туугандар уюмунун (Ихван) өкүлү Талат Фехми өзүнүн жазма билдирүүсүндө: “БАЭге учкан алгачкы Израиль учагынын Сауд Арабия аймагынан өтүүсү, Палестина иштерине каршы кыянаттык кылууга барабар” деп айтты. Муну менен катар, Палестинаны эгемен кылуу маселеси Ислам үммөттөрүнүн приоритеттүү иштеринин бири катары дагы деле улана берерин кошумчалады.

Египеттик журналист Масум Мерзук бул тууралуу социалдык тармакта мындай билдирүү калтырган: “Израиль учагынын Сауд Арабиядан өтүп, БАЭге келүүсү дүйнөлүк рынокто арабдардын кадырын түшүрөт”.

Палестиналык Этхем Эбу Селиме: “БАЭге барган Израиль учагынын Сауд Арабиядан өтүшү Эр-Рияд өкмөтү  үчүн дагы уят экендигин билдирет”.

Билдирүүлөрдү улай Сауд Арабия ханзаадасы Абдуррахман ибн Мусаид Twitter социалдык баракчасынан Эр-Рияд башкаруу кеңешин коргоп, сындарды четке какты. Сауд Арабиянын Палестина үчүн көп жакшы нерселерди кылганын белгиледи.

Чет элдик маалыматтарга ылайык, аталган комитеттин Абу-Дабуде өтө турган алгачкы масштабдуу расмий сапары 2 күнгө уланып, айрым кызматташтык келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп 13-августта Израиль жана БАЭнин “кызматташтыкты толук нормалдаштыруу” үчүн келишим түзгөнүн жарыялаган эле. 1979-жылы Египет, 1994-жылы Иорданиядан кийинки Израиль менен нормалдаштыруу келишимин түзгөн үчүнчү өлкө Бириккен Араб Эмирликтери болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости