www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн шаардык соттун алдында “Ата Мекен” партиясынын камакта отурган лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары, партиялаштары митинг өткөрүүдө. Алар партия лидерин бошотууну талап кылышууда. Бүгүн эртең менен 9:30га белгиленген Текебаевдин баш коргоо чарасы боюнча сот отуруму 16:00гө жылдырылды.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Мегаком" компаниясына байланыштуу жемкорлукка шектелип 26-февралда кармалган жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына эки айга камалган. 21-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын темир тор артындагы мөөнөтүн дагы бир айга узарткан. Буга нааразы болгон адвокаттары шаардык сотко апелляциялык арыз жазышкан.

Тергөөдө жыйналган материалдардын негизинде Текебаевге Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айыбы угузулган. Ага байланышы бар деп мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов да кармалып, сот ага да Текебаевге чыгарылгандай чечим кабыл алган.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү бул ишти саясий негиз катары баалап, саясатчыларды камактан бошотууну талап кылып келет.

Последние новости