www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, камакта жаткан Кыргызстанга белгилүү саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун соту бир күнгө белгиленип баш коргоо чарасы каралды.

Эки саясатчынын тарапташтары колдоо митингинде эки тараптын пикир келишпестиктери болуп кеткен. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун тарапташы Талант Мамытов билдирди.

“Бүгүн Асыя Сасыкбаева деген Ата Мекенчил бизге мекенчилдерге сөз бербей коюшту. Биз дагы баннерлерди көтөрүп чыгып сүйлөйлү,  десек сүйлөтпөй койду” – деп арызданды “Мекенчил” партиясынын мүчөсү Талант Мамытов.

Эске сала кетсек, камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун Бишкек шаардык соту жактоочунун доо арызын карап, Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Ал эми Өмүрбек Текебаевдин соту бүгүн, саат 16:00 го жылдырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости