www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи Май РИИБдин тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-май күнү, Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын лейтенанты А. А. И. пара талап кылуу кылмышы боюнча шектүү катары кармалган.
Бөлөк бир жаранга карата кылмыш ишин козгоо боюнча тиешелүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн, А.А.И. 50 миң сом талап кылган.
УКМК кызматкерлери, ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте кылмышка шектүүнү көрсөтүлгөн сумманы алып жаткан жеринен кармашкан.
Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.