www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
6-март күнү Ленин райондук милициясына Ч.С. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылып, белгисиз банктык эсепке 5 млн 292 миң сом которууга мажбурлаган адамдарга чара көрүүнү суранган.
Анын айтымында, белгисиз номурдан телефон чалышып, өздөрүн УКМК кызматкерлери деп тааныштырышкан.
Ал эми милиция билдиргендей, акча ар кайсы банктардагы үч депозиттик эсепте турган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, банктык реквизиттер аркылуу дропперлер (алдамчылардын уурдаган акчасын накталай акчага айландыруу үчүн колдонулган адамдар) аныкталып, 2004-жылы туулган М.Н., 2004-жылы туулган Т.Б., 2003-жылы туулган О.А., 2004-жылы туулган М.М., 2004-жылы туулган Б.Е. кармалды.
Тергөө уланууда.