www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункту ачылды.

Учурда жарандар жана компаниялар тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлө баштады.

Алсак, “Дордой” базарынын бир катар ишкерлери 500 даана жууркан жиберишти.

Ошондой эле "УММА" ислам журналынын кызматкерлери шаардыктар тарабынан чогулган каражатка сатып алынган гуманитардык жардамдардын топтомун тапшырды.

Соода-өнөр жай палатасы Түркиянын шаарларындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга каржылык колдоо көрсөтүп, биринчи керектелүүчү жардамга 100 миң сом которду.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркиядагы табият кырсыгынан каза болгондор 5 миң 894, ал эми жабыркагандар 34 миң 810 адамга жеткени кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости