www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында автоунааларына "Z" белгисин чаптап алган айдоочуларга айыппул салынып, белги сыйрылып жатат. Бул тууралуу Бишкек милициясынын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Байгазы Айткул уулу "Азаттыкка" билдирген.

"Бул Кыргызстандын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 194-беренесинин 1-пунктуна каршы келет. Мыйзамга ылайык, 5500 сом айыппул салынып, автоунаасы айып токтотуучу жайына коюлат. Автоунаага уруксаты, атайын лицензиясы жок белги (наклейка) чаптап алууга болбойт".

Белгилей ктесек, Кыргызстанда "Z" белгисин жазып алган автоунаалар пайда болуп, социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары сүрөттөрдү бөлүшкөн.

"Z" белгиси Орусиянын аскердик техникаларынын боорунда жазылып, ал "Жеңиш үчүн"(За победу) деген маанини билдирерин Орусиянын Коргоо министри чечмелеген.

Жакында Казакстанда ушундай белгиси бар автоунааларга, мыйзамга ылайык, айыппул салынганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости