www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жакында VIP маршруттук таксилер пайда болот. Бул тууралуу ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда долбоор макулдашуу этабында жана жакын арада Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна сунушталат.

"Бул долбоор VIP кичи автобустарды ишке киргизүүнү карайт, төлөм болжол менен 40-50 сомду түзөт", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости