www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оор залал келтирүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

8-февралда милицияга ооруканадан денесинен жаракат алган бейтап тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, 34 жаштагы эркек кишинин ооруканага тез жардам кызматынын дарыгерлери тарабынан жеткирилгенин аныкташкан. Анын сабалганы белгилүү болгон. 

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталып, 1974-жылы туулган К.Т. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Последние новости