www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия ТИМ башчысы Сергей Лавров Батыш Европа жана Прибалтика өлкөлөрү Украина маселесин жөнгө салуу боюнча документке үзгүлтүксүз өзгөртүүлөр киргизип, АКШнын Киевге сунуштаган планын “өлтүрүп” жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Лавровдун айтымында, АКШнын баштапкы варианты гана көрсөтүлүп, калгандары америкалык демилгени бурмалап жок кылуу аракети болуп жатат. Ага Зеленский, ошондой эле Британия, Германия,

Франция жана Прибалтика өлкөлөрү кызыкдар деп билдирди.

Ошондой эле Лавров, Россия мамлекеттик коопсуздугу эске алынса гана эпке келүүгө даяр экенин, украин маселесиндеги компромисстер миллиондогон адамдардын өмүрү менен байланыштуу принциптерге тиешелүү боло албасын, коопсуздук кепилдиктери Россияга каршы түзүлүп жатканын, Европада маселени чын дилден чечкен адамдар аз экенин, Россиянын операциясынын максаты өзгөрбөй турганын, 2014-жылдагы окуяларга БУУ жооп табууга аракет кылбаганын, Батыш Украинанын энергетикалык объектилерине соккуларга кейип жатат, бирок 2014төгү Крымга каршы саясий жана экономикалык басымга үн катпаганын, Германия Украинаны катуу колдоп туруп нацисттик өткөнүнө кайтып жатканын, АКШнын Тынчтык кеңеши БУУну алмаштыра албай турганын, БРИКС жана ШКУда консенсус басымдуулук кылса, НАТОдо чечимдер АКШнын ишарасы менен кабыл алынарын баса белгиледи.

Лавров Россия 20 пункттан турган тынчтык планын албаганын, АКШ менен президенттердин Анкоридждеги жолугушуусунун жыйынтыгы менен акыркы келишим түзүлүп калышы мүмкүн болорун билдирди.

Последние новости