www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 11-февралынан тартып Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттерде навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү ташууга байкоо жүргүзүү механизми күчүнө кирди.

Жаңы талаптар, ЕАЭБде жүктөргө байкоо жүргүзүү үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө Макулдашууга ылайык, эки же андан ашык ЕАЭБге кирген мүчө-мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүүчү ташууларга карата колдонулат. Ишке киргизүү этап-этабы менен — товарлардын категорияларын жана транспорттун түрлөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт. 

Навигациялык пломбалар төмөнкүлөрдү ташууда колдонулат: 

 • айрым акциздик товарларды, анын ичинде алкоголь жана тамеки продукциясын, бажы транзити жана экспорт бажы жол-жоболоруна ылайык автомобиль жана (же) темир жол транспорту менен ташууда, ошондой эле өз ара соода алкагында мүчө-мамлекеттердин ортосундагы ташуулар;

 • бажы транзити жол-жобосуна ылайык автомобиль транспорту менен ташылган айрым товарлардын категориялары (анын ичинде кийим-кече, бут кийим жана техника);

 • никотин камтыган продукцияны жана никотин чийки затын, ЕАЭБдин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн Бирдиктүү товардык номенклатурасынын 2404, 2939 79 000 0 жана 2939 80 000 0 товардык позицияларына кирген, автомобиль транспорту менен ташылып, Бирликтин бажы аймагынан экспорт бажы жол- жобосуна ылайык чыгарууда.

Жүктөрдү ташууга байкоо жүргүзүү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин улуттук операторлору тарабынан жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасында мындай оператор болуп «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» ААК аныкталган.

Бул механизмди киргизүү логистиканын ачыктыгын жогорулатууга жана товарлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылууга, ошол эле учурда Бирликтин ичинде текшерүү жол-жоболорунун көлөмүн кыскартууга багытталган.

Навигациялык пломбаларды колдонуу тартиби жана улуттук оператор менен өз ара аракеттенүү боюнча кошумча маалыматты мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдарынан (КМ алдындагы МБК жана МСК) алууга болот. Консультациялар улуттук оператордун колл-борборунун бирдиктүү 1205 номери аркылуу берилет.

Последние новости