www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Ош шаарында 280 орундуу заманбап балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана жергиликтүү тургундар катышышты. Бул мектепке чейинки билим берүү мекемеси шаар тургундары үчүн чоң белек болуп, жүздөгөн бөбөктөргө сапаттуу тарбия жана билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Балдар бакчасы бардык талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалып, кенен жана жарык тайпалар, оюн аянтчалары, коопсуз жана ыңгайлуу шарттар каралган. 

Белгилей кетсек, аталган бала бакча 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган. Шаар башчысынын тапшырмасына ылайык №70 Көкүм-Бий бала бакчасынын фасадын сырдоо, ички бөлүгүн жасалгалоо жана балдар ойноочу аянтчаларын куруу иштери жасалган. Шаарыбызда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы иштер мындан ары да улантылат.

Последние новости