www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министрлиги жана Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемеси жалпы билим берүү уюмдары үчүн кыргыз тили предмети боюнча (эне тил жана экинчи тил катары) окуу китептерин иштеп чыгууга авторлорду жана иштеп чыгуучуларды тандоо максатында ачык сынакты кайрадан жарыялайт.
Сынак мектептик окуу китептеринин мазмунун жаңылоо жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлөт.
Сынакка кимдер катыша алат:
- мектептердин, жогорку окуу жайларынын жана колледждердин окутуучулары;
- педагогика жана филология багытындагы методисттер, изилдөөчүлөр жана тармактык адистер;
- окуу китептерин жана окуу-усулдук материалдарды иштеп чыгууда тажрыйбасы бар авторлор;
- окутуунун заманбап ыкмаларын колдонгон жаш педагогдор.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:
10–28-февраль, 2026-жыл.
Арыздар kitepkura.edu.kg сайты аркылуу онлайн кабыл алынат.
Ошондой эле документтердин пакетин жеке тапшырууга болот, дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257. 4-кабат, 426-кабинет.
Талап кылынган документтерди тапшырган соң, kitepkura.edu.kg сайтында көрсөтүлгөн техникалык тапшырмалар менен таанышып чыгып, андагы шарттарды аткаруу керек.
Ар бир катышуучу:
• алгач документтерин онлайн тапшырат;
• техникалык тапшырмаларда берилген көрсөтмөгө ылайык иштелме түзүп, көз карандысыз калыстардын сынынан өтөт.
Сураныч, kitepkura.edu.kg сайтындагы техникалык тапшырмалар менен кылдат таанышып чыгыңыз.
Кошумча маалымат үчүн:
«Кыргыз тили» боюнча: +996 556 10 11 48