www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилерине карата рейддик иш-чаралар улантылууда.

Аталган иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине караштуу Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын адистери Токтогул районунун Таласбай кичи районундагы 750 орундуу жаңы мектептин курулушунун сапатына текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн алкагында объектиде курулуш ченемдеринин жана коопсуздук стандарттарынын шайкештиги деталдуу түрдө каралды. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш процессиндеги айрым мүчүлүштүктөр аныкталып, аларды тез арада жоюу боюнча расмий акт түзүлүп, аткарылышы милдеттүү болгон эскертүүлөр берилди.

Курулуштун негизин түзгөн бетондун сапатын текшерүү жана тиешелүү лабораториялык корутундуларды өз убагында алуу талабы коюлду. Мындан сырткары, курулуш иштеринин ар бир этабын өз убагында жана сапаттуу тапшыруу, курулуш регламентин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Последние новости