www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы менен анын айланасындагы айрым жакын санаалаштары кабатырланып, тынчсыздана баштаганы байкалды. 

Өзгөчө убагында “бөрк ал десе баш алгандардын” абалы кыйын болчудай болуп турат. Анткени, ыйгарым укуктарынан аша чаап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делген айрымдардын жоопкерчилигин кароо тууралуу талаптар айтылып жатат. 

Маселен, Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын Башкы башкармалыгынын башчысы Салмоорбек Жумабеков тарабынан бир топ ишкерлер, жарандар жабыр тартышканы, андыктан кызматтык ишмердүүлүгүн кылдат текшерип чыгуу зарылдыгы социалдык тармактарда жазылып, айтылып баштады.

Айтмакчы, Камчыбек Ташиев кызматтан алынганда, булардын кармалганы туурасында социалдык тармакта, айрым маалымат булактарында жазылды. Бирок УКМК тарабынан тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганы айтылды. 

Сыягы, кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалангандардын жоруктары боюнча эртедир-кечтир баары бир иликтөө жүрүшү зарыл окшойт. Ансыз акыйкаттыкка жетүү мүмкүн эмес.

Последние новости