www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте жүгүртүүгө мүмкүн болбогон жасалма акчаларга туш болушуңар мүмкүн. Бул билдирүүнү Гүлзат Бектемирова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу "Кара тизме" тайпасына жарыялаган.
Маалыматта шаардыктарды сак болууга чакырып, буга байланыштуу окуясын айтып берген.
"Жумушчулар шаарчасына эт сатып алганы баргам. Менде бүтүн 2000 сом болгондуктан, аны берип, 1500 сом кайтарым акчамды алгам. Эки күндөн кийин соода түйүндөрдүн бирине барып ошол акчанын 1000 сому жараксыз экенин билдим. Анткени кимдир-бирөө эки башка 1000 сомдуктун бөлүктөрүн бириктирип койгон экен. Артка териштирүү үчүн барган жокмун. Бирок акчамды алмаштырып беришеби деген үмүт менен Улуттук банкка бардым. Ал жактан 1000 сомдун бир бөлүгү үчүн 500 сом беришип, бир бөлүгүнө алмаштырууга мүмкүн эмес деген мөөр басышты. Мен банкка барбай туруп, базардан азык-түлүк ала берсем болмок, бирок дагы бирөөнүн жабыркашын каалаган жокмун. Сак болгула", - деп жазылган билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg