www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үймө-үй кыдырып маалымат чогулткандар кимдер?

Улуттук статистикалык комитети эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иши  белгисиз убакытка жылдырылганын эскертет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

«Улуттук статистика комитети, эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралары 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейин өтө тургандыгы тууралуу маалымдаган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган. Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоосун өткөрүү боюнча учурда эч кандай иш-чаралар жүрбөгөнүн расмий түрдө кабарлайт», — деп айтылды маалыматта.

Улуттук статистика комитети жарандарды өздөрүн калкты каттоочу кызматкер катары тааныштырып, эл каттоо боюнча иштерди жүргүзүп жатканын айткан адамдарга алданбоого чакырды.

Эске салсак,  социалдык тармактарда эл каттоо жүрүп жатканын айтып, белгисиз адамдар үймө-үй кыдырууда.  Алар алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултуп жаткандыгы  тууралуу маалымат тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости