www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эстрада ырчысы Сыймык Бейшекеев өзүнүн интернет баракчасына Малик Аликеев менен бирге түшкөн сүрөтүн жүктөп "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы менен куттуктап төмөндөгү пикирин калтырды:

"Ырдасаң Маликтей ырда, тимеле таңдайы түшө калып, ырлары кулактан кирип бойду алат экен, өмүрлүү болсун ананайын деп бейиши болгур чоң энем Каныкей дайым мага Макемди үлгү кылар эле. Макемдин деңгээлине жеткире албасак да өнөр жолунда эш тутуп ага ини болуп үзөңгүлөш насиптеш болдук тагдыр буйруп, аз маз кырсыктап, Кудайдын колдоосу элдин батасы, дарыгерлердин жардамы менен бутуна туруп келатат буйруса. Сыйлык кут болсун Маке, кеч берилген бул сыйлык эртерээк эл артистигин жетелеп келсин, өзүңүзгө бекем ден соолук менен амандык каалайм, жорго жүрүш менен дуулап жашап өнөр куржунун ыр менен толтуруп бар болуңуз"- деген Сыймык Бейшекеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости